Министирдин кызынын махабаты - Махабат закымдары - гитара менен (типа) разбор by AzzaMatt

Аватар автора
Элера Кабылжан кызы - Махабат закымдары - Министирдин кызынын махабаты - гитара менен (типа) разбор by AzzaMatt (гитара уйронуу, кыргызча ырлар гитара менен) Сени алгач көргөнүмдө сезимди байлагансың Көңүлүмдөн орун алып сүйүүңдү арнагансың. Жарк этип сен күндөй болуп, Жаз болуп жайнагансың. Алоолонуп көзүң жанып, Жан дүйнөм арбагансың. Припев: Билбептирмин мен ошондо, Арманда каларымды. Жараланган каркырадай, Канатым сынарымды. Ошол күндөн ушул күнгө, Унуталбайм элесиңди . Жолугууну эңсей берем, Түшүмдө келесинби. Кечигип мен түшүнүпмүн махабат закымдарын, Жанымда сен жүрсөң дагы, Болбодуң асыл жарым. Армандуу бул жалган дүйнө буюрбас махабатым, Кааларым мен башкаларга сүйүүсүз жашабасын. Припев: Билбептирмин мен ошондо, Арманда каларымды. Жараланган каркырадай, Канатым сынарымды. Ошол күндөн ушул күнгө, Унуталбайм элесиңди. Жолугууну эңсей берем, Түшүмдө келесинби.

0/0


0/0

0/0

0/0

0/0