Ноокат шаары бойунча ./ Ноокат жөнүндө описаниеда ⬇️↘️ / Кыргызстан Кыргызстан

Ноокат (кырг. Ноокат шаары ) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Ноокат районундагы шаар. Ноокат районун административдик борбору. Ош шаарынан 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаары Эски-Ноокат айылдык кенешинин ордунда уюшулуп, азыркы Гулистан, Мирмахмудов айыл аймактарынын айрым жерлери кошулуп олтуруп Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 мыйзамынын негизинде райондук денгээлдеги шаар статусун алган. Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Калкынын саны 15 521 адам. 12ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Жалпы аянты 3,58 кв.м. Шаар башкармалыгы: Ноокат шаар мэриясы. Дареги: Лутфуллаев 5. Байланыш телефону 5-00-45. Факс 5-10-94. Почталык индекси 715330. Ноокат шаар мэриясындагы жалпы кызматкерлердин саны 33. Аппараттык курам:20. Шаардык Кенештеги депутаттардын саны: 21. ТарыхыОңдоо Ноокат районунун аймагынын тарыхы узак кылымдарды ичине камтыйт. Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгонун күбөлөндүргөн археологиялык казуулар ишке ашкан. Бул жердеги үңкүрлөрдүн б.з.ч. IV-I кылымга таандык адамдардын колдонгон куралдары абылган. Алгачкы коло доорундагы байыркы Чуст маданиятынын издери Бөрү-дөбөдөн археолог Ю. А. Заднепровский тарабынан 1981-жылы аныкталган. Б.з.ч. II-кылымда жер иштеткен адамдардын уруулук топтору болгондугун окумуштуулар далилдешкен. Коло доорунда, б.з.ч. II-кылымда Фергана өрөөнүндөгү 80 эл турак кылган жайлардын бир тобу ушул аймактардан орун...

0/0


0/0

0/0

0/0

0/0