Азгырыктарды Кудайдын куралдары менен жең. 12-декабрь. 2021-жыл

Аватар автора
Тынчтык болсун! Урматтуу көрөрман! «Чындык Жолу» - медиа каналына кош келиңиз! Каналга жазылыныз жана лайк басууну унутпаныз. Тааныштарынызга жана жакындарынызга бул насаат созду жонотунуз. Бул медиа каналында сиз ар жекшемби күнү Москва убактысы боюнча эртең мененки 9:00 дө түз эфир аркылуу биздин чогулуштарды көрө аласыз. Азгырык бул сырттан келген. Биринчи азгырып тууралуу түпкү тамырын изилдеп чыга турган болсок, ар бир адамда суроо болушу мүмкүн. Адам баласы күнөөнүн бийлиги астында жашап жаткандыктан, азгырыктарга өз күчү менен каршы тура албайт. Кээ бир адамдар азгырык күнөөгө каршы турам деп, денелерин кыйнашып көптөгөн кыйынчылыктарга жана ден соолугуна зыян алып келген ооруларга дуушар болушкан. Ар бир адам азгырылууга тез дуушар болот эгер ал адам Жаратуучуну таанып биле элек болсо. Жараткан Кудайды биз ыйык китеп Библиядагы Кудайдын сөздөрү аркылуу таанып биле алабыз. Кудайдын сөзүнөн Кудай ким экенин Ыйса Машайак аркылуу толугу менен ачып берген. Эгер адам өзүн күнөөкөр экенин билип чыгуу же болбосо кантип кечирим алам деген ойлор менен жашап жатса. Анда Кудай сөзу Библия жооб берет. Ар бир адам үчүн Ыйса Машайак жер бетине төрөлүп, жер бетинде ыйыктык, үлгүлүү жашоо менен жашап, ар бир адам үчүн азап чегип, эң уяттуу азаптуу айкаш жыгачка Өз эрки менен курмандыкка барган.

0/0


0/0

0/0

0/0

0/0