Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов

Аватар автора
Настольные игры: Искусство развлечения
Досума С. О. Сыймык Бейшекеевдики Бул ыр, бул дүйнөдөн көзү ачык кеткен, маркум биздин досубуз Таалай Бектургановдун жаркын элесине багышталмакчы... Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты, Көкүрөк дарты жарылбай жатты. Убакыт учат зымырык куштай, Уйкусуз далай таңдар да атты. Колдон бир келбес иш экен аттиң, Козголбос жайга сен эми кеттиң. Чымындай жаның чыркырап кетти, Чын кеткениңди мен бүгүн сездим. Эмне мынча сен эртелеп кеттиң, Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң. Укканда сени ишене албай, Ушак бул жалган бир кептир дедим. Арман күн андай болбоду досум, Ыр бутагына конбодуң досум. Аталап ыйлаар туяк калтырып, Анан кийин не соолбодуң досум. Арбыбай сенин кадамың досум, Арылбай жакшы арааның досум. Сыздатып коюп сен учуп кеттиң, Сагындык сенин карааның досум. Артыңдан калган досторуң досум, Армандуу коштойт үнүңдү досум. Черткенде черди таркатчуң аттиң, Гитардын кылы үзүлдү досум. Арман ыр жүрөк толгойт го досум, Өзүңдөй эми болбойт го досум. Эрте алып кеткен арадан бөлүп, Боору таш ажал тойбойт го досум. Булактын көзү соолдубу досум, Буурчак жаш көзгө толдубу досум. Береним бизден бөлүнүп учтуң, Бейишке жаның кондубу досум. Узатып бирге өзүңдү жоктоп, Табигат кошо ыйлады досум. Таарыныч айтып тагдырга наалат, Канча жаш жүрөк сыздады досум. Тууганың менен досторуң досум, Жүргөнбүз сени жан тутуп досум. Келдиң да кайра шашылыш кеттиң, Ата-энең калды кан жутуп досум. Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп, Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп. Кантели тагдыр ушу экен арман, Аркаңда калдык...

0/0


0/0

0/0

0/0