"ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ ОЙ ТОЛГОО" Сөзү. Сооронбай Жусуев. Обону. Кожокмат Абдыралиев. Малик Аликеев аткарат

Аватар автора
Chord Progression Guru
Өткөн күндү карап көрсөк аз кана, Жылдар жылып жыл кошулду жашыма. Улам кемип, улам барат бөксөрүп, Өмүр аттуу өтө кымбат казына. Өткөн күнгө күбө болдук өзүбүз, Ал күндөрдү дилден болбойт өчүрүш. Ашып ташыса бул өмүрдө кубаныч, Ага удаалаш жүрөт тура өкүнүч. Бул турмуштан туура сабак алдыкпы, Туура тоңуп,жансак туура жандыкпы. Көңүлүбүз көп нерсеге иреенжип, Биз турмушка жөн жай карап калдыкпы. Билек түрүп бар кезинде күчүбүз, Биздин милдет бала чака өстүрүш. Жакшы жашап ушул жалган дүйнөдөн, Жарык бойдон өтсө болду жүзүбүз.

0/0


0/0

0/0

0/0