КУБАНЫЧБЕК АЙБЕК УУЛУ, ДЕНИС ПЕТРАШОВ БИШКЕККЕ КЕЛДИ /

Аватар автора
Hippo Havoc
Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алгачкы катышуучулары кайтып келди Бүгүн, 2-август күнү, Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиадасынын катышуучулары Денис Петрашов жана Кубанычбек Айбек уулу Бишкекке кайтып келишти. Спортчуларды "Манас" 2 Эл аралык аэропортунан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана спортчулардын жакындары тосуп алды. Эске салсак, аталган спортчулар Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын катышкан. Денис Петрашов 100 жана 200 м брасс ыкмасы боюнча сүзгөн. Дзюдо Кубанычбек Айбек уулу 66 кг чейинки салмакта жана 90 кг чейинки салмакта Эрлан Шеров өлкө намысын коргогон.

0/0


0/0

0/0

0/0