Ак-Суу Органик, село Теплоключенко, Кыргызстан

Аватар автора
Танцы Воображения
Ак-Суу органикалык кооперативи тууралуу маалымат. Кыргызстан агрардык өлкө. Муну жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү чарбачылык менен алектенип келгени тастыктап турат. Бул багытта дыйкандар заман талабына жараша иш алып барууга да умтулушуп, өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын экспорттоо шарттарын аткарууга далалат кылышууда. Кыргызстан 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганы, бул аракеттер дагы да күчөтүлүп, тийиштүү шарттар коюлган. Ата-мекендик фермерлер аталган биримдиктин талаптарына жооп берүүгө бар аракеттерин жумшашып, тийиштүү шарттарды аткарып жатышат. Мына ушул багытта, органикалык таза продукцияны өндүргөн дыйкан жана фермерлерге колдоо көрсөтүп, төрт жылдан бери Био-KG органикалык кыймыл федерациясы иш алып барып келүүдө. Аталган уюм өлкө аймагындагы бардык дыйкан-фермерлерге көмөктөшүп, анын катарында Ысык-Көл облусунун дыйкандарына да кайтарымсыз грант түрүндө жардамдарын берип келүүдө. Атап айтсак облус аймагында, ар бир райондо бирден органикалык аймактар бар болсо. Алардын бири Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылы. Бул жолу мына ушул айылда Био-KG ассоциациясынын өкүлчүлүгү жана жергиликтүү дыйкандардын катышуусунда жыйын өткөрүлүп, анда аталган долбоорунун алкагында аткарылган иштер тууралу талкуу жүрдү.

0/0


0/0

0/0

0/0