"КУРБУЛАР" Сөзү. Мариям Буларкиева. Обону. Аксуубай Атабаев. Сабира Суранчиеванын аткаруусунда.

Аватар автора
Fashionable Fetes
Менин эрким жолдоштукка бек десем, Начар экен айтпайт элем сезбесем. Ичим жаман туз куйгандай ачышат, Бирге окуган курбуларды эстесем. Убакыт аз көрүшкөнчө шашабыз, Бири инженер, бирибиз ыр жазабыз. Кээ бири бой, кээ бирибиз үй күттүк, Ар кимибиз ар жерде иштеп жатабыз. Эстен кетпейт ар бир жаштын күлгөнү ай, Эстен кетпейт Фрунзенин түндөрү ай. Жалындаган жаш өмүрдүн кечтери, Кандай сонун студенттик күндөр ай.

0/0


0/0

0/0

0/0