КАЙТАЛАНМА ПРОЦЕСС

Аватар автора
Scholarly Sharing
КАЙТАЛАНМА ПРОЦЕСС Кайталанма жана кайталанма эмес процесс деген эмне? Сырткы чөйрө менен жумуш аткаруу же жылуулук алмашуу боюнча байланышта турган, заттардын туруктуу санын сактаган жабык системаны карайлы. dU =  - pdV + W 1 dH =  Q + Vdp - W1 Мындай системада кандай гана кубулуш жүрбөсүн, аны сырттан таасир этүү менен баштапкы абалга келтирүүгө болот. Мисалы, туруктуу температурада азот менен кычкылтекти аралаштыралы дейли. Пайда болгон аралашманы терең муздатуу менен аларды бири-биринен бөлүп алып, мурунку температурага чейин ысытып, системаны баштапкы абалына чейин калыбына келтирүүгө болот. Бул мисалда системада кайталанма процесс жүрдү десе болот. Бирок сырткы чөйрөнүн өзгөрүшүн эске алган жокпуз, анткени анын абалы дагы өзгөрөт. Эгерде системада кандайдыр бир процесс жүрүп анын абалы кайра баштапкы абалына келгенде, аны менен чогуу процесске катышкан сырткы чөйрөдөгү заттардын абалдары дагы баштапкы абалдарына келсе, анда мындай кубулушту кайталанма процесс дейбиз. Ал эми система же сырткы чөйрөнүн бири баштапкы абалына келбесе, анда процесс кайталанма эмес болот. Сүрүлүүсү жок маятниктин термелүүсү, тартылуу жана түртүлүү күчтөрүнүн негизинде турган телолор кайталанма процесстерге мисал болсо, ал эми ар кандай температурадагы турган заттардын биринен экинчисине энергиянын өтүшү же боштукта газдардын кеңейүү жумуштары кайталанма эмес кубулуштарга мисал боло алат. Тең салмактуулукта жүргөн процесстер кайталанма процесстерге...

0/0


0/0

0/0

0/0