Фрунзеде ишке ашкан СССРдин жашыруун долбоору. Окумуштуу Жуматаевдин видеомаеги

Аватар автора
Sputnik Кыргызстан
Мындан 47 жыл мурун кыргызстандык илимпоздор советтик кесиптештери менен биргеликте Айды изилдөө иштерине жигердүү катышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы тарыхый окуянын катышуучусу, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев менен маек курду. Өткөн кылымдын 60-70-жылдары СССР менен АКШнын ортосунда Айды изилдөө боюнча катуу жарыш жүрүп, илим-изилдөө иштерине кыргызстандык окумуштуулар да катышкан. Москванын тапшырмасы менен Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Автоматика институту атайын бургулоочу аппарат иштеп чыкмак. Ал курамга Политехникалык институттун студенти Мурат Жуматаев да кошулуп, күчтүү окумуштуулар менен иштеген. Техника илимдеринин доктору, профессор Жуматаев долбоор жашыруун болгондуктан ага катышкандарды атайын кызматтын өкүлдөрү катуу көзөмөлдөгөнүн айтат. "Ал кезде Советтер Союзу жабык өлкө болчу. Россия азыр санкциянын алдында кантип иштеп жатса, ошондой эле иштечү. Жаңы техника, технологияларды эркин сатып ала албагандыктан көптөгөн илимий мекемелерди түзгөн. Бийлик аларга конкреттүү максаттарды коюп, каражат бөлүп берип, жылдын аягында жыйынтыгын сурачу. Биздин башыбызда академик Олег Алимов турган. Ал жылдары бул тармакта көбүнчө Россиядан келген орус окумуштуулары иштешчү, арасында жаңы чыгып келе жаткан Самудин Абдраимов, Жеңиш Усубалиев өңдүү кыргыз окумуштуулары бар болчу. КГБ ушундай жашыруун долбоорго катышкан адамдарды аябай катуу текшерчү. Мисалы, тууган-туушкандарыңдын, ата-энеңдин соттолбогонун, чет өлкөдө туугандарыңдын...

0/0


0/0

0/0

0/0