Маймак темир жол станциясынын иши жанданды

Аватар автора
Скрытые мистерии
Маймак темир жол станциясы көп убакыт бою жетимсиреп темир жол аркылуу поезддер өтпөй калган учурлар да болгон. Быйыл апрель айынан баштап темир жол станциясы жанданып, Маймак аркылуу жүк ташыла баштады. - Маймак станциясынын иши жанданып, чет мамлекеттен товарлар ташылып келүүдө. Жүк түшүрүү, жүктөө иштерине жергиликтүү айылдын тургундары тартылып, айылдыктар да акчалуу болуп кубанып жатышат. Жумушчуларга иш табылганы пандемия учурунда акчасыз олтурган элге жардам болуп, жумушчуларга иш болду, -дейт Маймак айыл аймагынын башчысы Нарбек Абраимов .

0/0


0/0

0/0

0/0