Кудай колдогон "сары чымчык". Эл артисти Дарика Жалгасынованын видеомаеги

Аватар автора
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү опера ырчысы Дарика Жалгасынованын балалыгы кыйынчылыктар менен өтүп, фронтко кеткен атасын күтүп чоңойгон. 83 жаштагы КР эл артисти Sputnik Кыргызстан агенттигине өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кеңири маек курду. Дарика Жалгасынова согуштун оор жылдарында өсүп, фронтко кеткен атасын көрбөй апасынын этегин кармап чоңойгон. Жаштайынан ыр-күүгө жакын болгон кыз элеттеги мектеп-интернатта окуп түрдүү сынактарга катышкан. Өспүрүм кезинде борбор калаадагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырып, кийин Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны артыкчылык менен бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келген. Жогорку билимдүү ырчы эмгек жолун Фрунзедеги Опера жана балет театрында баштап, андан соң узак убакыт Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде солист болуп эмгектенген. III даражадагы Манас орденинин ээси чыгармачыл жолу шуруга тизгендей болбогонун эскерет. "Ал кезеңди айткым да келбейт. Опера жана балет театрынан көңүлүм деле калган жок. Бирок ырчылардын, чыгармачыл топтун арасында эрегишмей, ушак-айыңды тараткандар болот экен. Анткени мен Москвада үйрөнүп келген партияларымды көпкө чейин ала албай, бөлөк эле экинчи пландагы партияларды аткарып жүрдүм. Ошентип көңүлүм толбой жүрүп 12 жылдан кийин театрдан кетип, симфониялык оркестрге келдим. Ал жактан жүздөгөн чыгарманы оркестрдин коштоосунда жаздырдык. Табияттан берилген үн ырдаган сайын чыйралат. Кудай мага жакшы сапаттуу үн берген, мен да аны аздектеп, бапестеп сахнада жүрдүм. Ичкилик ичип...

0/0


0/0

0/0

0/0