ФАТИХА СУРОСУ|| Кыргызча текст котормосу менен , Сура 1 АЛЬ ФАТИХА

Аватар автора
Тайны священного текста
Ааламдардын Раббиси – Аллахка хамд-мактоо болсун! Аллаху таала дүнүйөдө жана акыретте кулдарына өтө ырайымдуу, мээримдүү. Кыямат күнүнүн малики [ээси, падышасы] жалгыз гана Ал. "Фатиха жана Аят-ал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян бере албайт, назар (көз) тийбейт.” "Пайдасы эң көп болгон сүрө – Фатиха, ар дартка шифаа.” "Эң пайдалуу сүрө – Фатиха.” "Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын ачуусун кайтарат.” "Фатиха сүрөсү ууларга шифаа.” Сахабалардын бири Фатиха сүрөсүн окуганын айтканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди: "Ант берип айтамын, Аллаху таала Тооратта да, Инжилде да, Забурда да жана Фурканда да ал сүрөнүн окшошун түшүргөн эмес. Ал намаздарда кайталанган жети аят болуп, мага берилген Курани азимден.” [Тирмизи] Пайгамбарыбыз Жабраил алейхиссалам менен бирге отурганда бир периште келип айтты: "Сенден мурда эч бир пайгамбарга берилбеген жалгыз сага гана берилген эки нурдун куш кабарын билдирүүдөмүн. Алар Фатиха сүрөсү менен Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяттары. Бул экөөнү окусаң тилегениң сөзсүз берилет.” [Муслим] Сахабалардын бири жылан чагып алган бир уруунун башчысына Фатиха сүрөсүн окуганда Аллаху тааланын уруксаты менен айыкты. Уруу башчысы отуз койду белек кылып берди. Сахаба зат жаиз болобу же жокпу деп Пайгамбарыбыздан сурады. Расулуллах: "Эмне окудуң эле?”– деди. Ал да Фатиха сүрөсүн окуганын айтканда ага мындай деди: "Фатиханын шифаа экенин кантип билдиң? Ал койлорду жаныңардагылар менен бөлүшкүлө жана мага да бир хисса бөлүп...

0/0


0/0

0/0

0/0