Тата Улан - Карындаш

Аватар автора
Фитотерапия для кожи
"Карындаш" Сөзү : Тата Уландыкы Обону : Тата Уландыкы Кап этпесең угуп койчу, Момундай болгон окуя. Чындык болбос калп нерседей, Жай айтылган акыя. Көгүчкөндөр учуп жүрөт, Бир айылда тыптынч. Жан көрүнбөйт тегеректе, Болуп турса чак түш. Эшикке чыкты бир карындаш, Кызыл өтүк кийген. Сулуу, чырай келбетине, Ишенгенин билген. Шаарды көздөй сапар алды, Саркеч сумка асынган. Кандай болот келечеги? Тагдырына таарынган. Чимирилип ылдый түшөт, Кызыл-сары жалбырак. Көздөн агат жаш куюлуп, Көкүрөккө тамчылап. Кабак бүркөп кейип-кейип, Калаа көздөй келатат. Үйдөн качып, уруш менен, Эркиндикке баратат. Өрүп жүргөн жибек чачты, Белге таштап чачты. “Өзүм түзөм, өз жашоомду”, Деп кыйкырып качты. Мени түшүнгөн өмүр жарды, Издештирип табамын. Өзүм деле сулуу кызмын, Жакканымды чабамын. Бул жашоодо баары болот, Капа болбо, карындаш. Түз узасаң тез жетесиң, Жоолук асты кайык каш. Бактылуулукту эңсейсиң, Жөлөк болгон асыл таш. “Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң, Сунса балды кашыкташ. Бул жашоого жеткен арман, Кудай өзү кечирсин. Турмушуңда өзүң каарман, Ката сенден кетпесин”. Деп айтчу эле сага энең, Күндө мээңди жегендей. Сен укпадың аны деги, “Билем-билем” дедиң сен. Кайырма: Титиреген эриндериң, Муздадыбы таштан? “Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң, Сылаттырып чачтан. Өзүң эле ысып турган, Кучагына жолодуң. “Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң, Күйүп кеттиң, кор болдуң. Сейил бакта эс алганда, Көрүп калдым ал кызды. Дарак сүйөп, жалгызданып, Көктү тиктеп жалынды. Көздүн тузун кошо жутуп, Өксүп-өксүп ыйлаган.

0/0


0/0

0/0

0/0