Шейх Алижан каары Чубак Ажы тууралуу айтты!

Аватар автора
Волшебные истории Голливуда
🕋 *_САХАБАДАЙ БОЛГУМ КЕЛЕТ!_* *Кайсы бир мектепте болгон окуя бизди да ойлонууга түртөт. Албетте, насаат угуучуларды.* _Мугалим сабак жүрүшүндө биринчи класстын окуучуларынан сурайт:_ - _*Балдар айткылачы, чоңойгондо ким болгуңар келет? Бирөөсү учкуч, экинчиси дарыгер, үчүнчүсү тартип сакчысы болууну каалашарын айтышат. Бирок бир окуучу гана:*_ - _*Мен сахаба болгум келет!*-дейт._ *Класстагынын бары күлүп жиберишет.* _Мугалим таңдана:_ - _*А, эмне үчүн сахаба болгуң келет?*_ *Бала*: - _*Энекем күн сайын уктаар алдында сахабанын окуясын айтып берет. Сахаба Алланы жакшы көрөт, эр жүрөк болот. Мен ошолордой болууну каалайм,* -деп жооп берет. Мугалим унчукпай... Жаш баланын жообуна таасирленип, карегинен аккан жашты аарчып, бул улуу максаттын артында улуу эне бар экенине кубанат._ *Сахабалар деген кимдер?* _*Сахабалар - Алланын Элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) алып келген динге ишенип, ошол жолдо жүрүп, ошол жолдо жанын курмандык кылган адамдар. Сахабалар - башкалар Алланын Элчисин жалганга чыгарганда, анын чыныгы Алланын Элчиси экендигин тастыктаган адамдар. Сахабалар - Алланын Элчисине жаным, ата-энем сага курмандык болсун деген инсандар. Сахабалар- Аллахты жана Алланын Элчисин ата-энесинен, бала-чакасынан жана өздөрүнүн жандарынан артык көргөн инсандар. Сахабалар - мал-мүлкүн байлыгынын баарысын Аллах жолунда сарптаган инсандар. Сахабалар - Аллах алардан ыраазы болгон жана алар да Алладан ыраазы болгон инсандар.*_ _Ислам ааламында сахабалардай...

0/0


0/0

0/0

0/0