Кубан Аманбаев - Кусалык 2023

Аватар автора
Танцы в стиле современной хореографии
Кубан Аманбаев - Кусалык Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы, Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары. Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум, Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары. Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым, Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым! Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй, Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың... Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт, Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт! Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп, Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай Мен кеттим дүйнөм тар болуп! Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң! Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?! Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай, А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн! сөзү-обону - Аскат Жетиген башкы ролдордо: Нурбек Эсенгазы уулу Мээрим Султакаева Жаннат Мансуров Жыргалбек Курбанбеков Үсөнбаев Элдар Нурлан Сыдыков койгон оператор: Арген Олжобаев оператордун жардамчысы: Эрлан Акназаров монтаж-түс берген: Арген Олжобаев сценарийдин автору: Эльзар Тиленбаев койгон режиссер: Эльзар Тиленбаев гримм: Акылай Эсенбай кызы композитор-звукорежиссёр: Азат Жумабеков ырдын автору: Чынасыл Урматбеков ырды окуган: Эльзар Тиленбаев аранжировка: Мирлан Ниязов үн жаздырган студия: Марат Нарматов салым кошкон: Шерзат Иминакун

0/0


0/0

0/0

0/0