Акбар Кубанычбеков- Ирмем

Аватар автора
Library Laughter
ИРМЕМ Өсөт гүлдөр багбаны багып жатып, Өтөт күндөр алчусун алып жатып. Өчү бардай убакыт шашып турат, Өмүрүмдүн жаштыгын алыстатып. Жолдо барам түбү жок жолдо барам, Жалын кечип жашоодон өрнөк алам. Бүтчү күндү унутуп койгон менен, Баскан сайын жакындап көргө кадам. Адам деген көпүрө турмушуна, Адам деген көпүрө курбусуна. Күч бар кезде биригип бир муштумга, Курсак экен көпүрө кыргызыма. Сен өлбөйсүӊ артыӊда изиӊ калса, Сен жашайсыӊ тарыхта ишиӊ калса. Ташты эмес темирди таарып чыгар, Тишиӊ барда мокобос мизиӊ барда. Кээсине мээ, кээсине тилден берген, Өлбөчүдөй өмүргө кимдер келген? Билсеӊ бул күн тутанып, тутанбаган, Өчкөн оттун жарыгы бир ирмелген. АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ

0/0


0/0

0/0

0/0