Досторго. Каныбек Дайырбек уулунун аткаруусунда

Аватар автора
Discovering the Unknown
2009-жылы 29-июнда Улукбектин текстине обон жазган элем. Эл арасына тарап, ырдалып жатканы сүйүндүрөт. Текст төмөндө Досторго. Сөзү Улукбек Омокеевдики Обону Түмөнбай Колдошовдуку Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен, Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен. Таппаймын берер дүйнө досторума, Тандашып, жакшы кызды "аяш" дешкен. Кайырма: Досторум, ыйманга жол салгылачы, Досторум, эл деп күйүп, жангылачы Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар, Өзүңөр ушул бойдон калгылачы. Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы, Таптаган, саяпкерим алыстагы. Сезилет силер менен чечилчүдөй, Досторум, турмушумдун табышмагы. Кайырма: Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын, Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын Силердей асылдарга кошконуна, Миң ирет жаратканга ыраазымын

0/0


0/0

0/0

0/0