МАКСЫМ жасайбыз / Как приготовить традиционный кыргызский напиток МАКСЫМ

Аватар автора
Создаем вместе
#эмнетамакжасасам Салам урматтуу достор. Жайкы ысыктын аптабынан куртарган максым ичимдигин үй шартында жасайбыз. Ар бир кожойкенин жасай алчу оңой вариантын көрсөтөм. Алгач бираз койдун майын туурап алабыз. Кызыган казанда майды сызгырабыз. 2 аш кашык майы чыкса жетет. ага 2 аш кашык ун салып кууруйбуз. Кызарган соң 5-6 литрдей суу куябыз. Кайнагандан кийин 1-1,5 стакандай талканды аз-аздан аралаштырып кошобуз.Такыр бүртүк болбосун десеңиз талканды чачодан мурун суу менен аралаштырып алыңыз. Даамына жараша туз кошуп жай отто 25 мүнөттөй бышырабыз. Отту өчүрүп табы кайтсын үчүн күттүрөбүз.Жылураак болгондо ачыткыны даярдап кошобуз.Ал үчүн даяр жакшы ачыган максымдан 0,5 литр алып, ага 2 аш кашыктай ун жана айран же сүзмө кошуп аралаштырып, анан жармага куябыз. Ачыткыны кошкондон кийин жакшылап аралаштырып, капкагын жаап, жылуулап, 10-15 сааттай күттүрүп коёбуз. Түйүнө талканы чөгүп кетет ошон үчүн бир эки жолу аралаштырып койсоңуз болот. Даяр болгон соң ичерден мурун максымды аралаштырып же чайкап ичиңиз. PS.Бат ачысын десеңиз ачыткыга кадимки дрождон же аябай ачыган айрандан кошуп койсоңуз болот. *Ачыткан убакта эмалированный посудага куюп алып күттүрүңүз. ____________________________________________ МАКСЫМ: Курамы Талкан - 1-1,5 стакан(200мл) Койдун майы-2 аш кашык Ун -2 аш кашык Суу-5л Туз ачыткысына: Даяр максым-0,5л Сүзмө(же айран)-2 аш кашык Ун- 2 аш кашык *Стакан көлөмү-200мл ____________________________________________ Рецепт жакса, лайк басып 💗, каналга...

0/0


0/0

0/0

0/0