"Ысык-Көл" | Майра Керим кызы

Аватар автора
Purr-fect Perfection
#Майра_Керим_кызы Ысык-Көл касиеттүү энем менин, Тартпаса тузуң мени - келербедим... 🌊🌊🌊🌊🌊🌊🌊 Казак жана кыргыз элинин таланттуу акыны Майра Керим кызы 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Атасынан эрте ажыраган жаш кыз мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайда билим алып, бухгалтер кесибине ээ болот. Кийин кичи мекенине келип саанчы болуп эмгектенген. Аккан арыктан суу агат. Бала кезинен колуна домбурасын алган обончунун энеси Айганыш кыргыз, Ысык-Көлдүн кызы эле, комуз чертип, дастан айткан. Атасы Керим да төкмө, дастанчы болгон. Ошентип төкмөлүк өнөр ага ата-энесинен өтүп, түрдүү сынактарга катышып, туулуп-өскөн жеринде таанылган. Ысык-Көлдүн келини. Акын өмүрлүк жолдошу менен Казакстанда таанышкан. Ошол кезде Ысык-Көлдүн кулуну Канат Байышов коңшу өлкөдө куруучу болуп иштеп, ошол жакта жашап жүргөн эле. Жүрөккө чок салып Кыргызстанга кетип калган жигитти Майра кыз бир жарым ай өткөндөн кийин өзү издеп келген. Бири-бирин сүйгөн жаштар баш кошуп 90-жылдары биротоло Кыргызстанга көчүп келишкен. Келин болуп келгенден кийин да Майра Керим кызы чыгармачылыгын улантып, кайын журтунда да өз күйөрмандарын таба алган. Кыргыз төкмөлөрүнүн чолпону. Акын 2000-жылдардын башында төкмөчүлүк өнөрүнө көңүл бурулбай калганда Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыровдор менен сахнага чыгып, айтуучулуктун кайра жанданып өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Аял кишинин бул...

0/0


0/0

0/0

0/0