Асылбек Өзүбеков - Шок кыз (+ текст)

Аватар автора
Каратэ Без Маски
Сөзү : Э.Ибраевдики Обону : А.Өзүбековдуку Оюнуң эстен чыккыс, Ойлосом ичим тыз-тыз. Өрт салган жигиттерге Өтө шок кызсыз. Кыздардын сулуусусуз, Кызык кеп куруучусуз. Кулундай кол тие элек Куюндан туруучусуз. Ак чөлмөк ыргытпайсыз, Асманда жылдыздайсыз. Акырын колду сунса Азоодой ыргыштайсыз. Кайылбыз аныңызга, Кымбатсыз баарыбызга. Жүрөсүз жигиттерди Жолотпой жаныңызга. Өйдөлөөр жашыңыз да, Өзгөрөөр атыңыз да. Турмуштун бир жүгөнү Түшкөндө башыңызга. Оюнуң эстен чыккыс, Ойлосом ичим тыз-тыз. От чачкан жүрөктөргө Өтө шок..шок кызсыз.

0/0


0/0

0/0

0/0