АРАЛАШМАЛАРДЫ ТАЗАЛОО

Аватар автора
Enchanting Music
АРАЛАШМАЛАРДЫ ТАЗАЛОО. 2-сабак. Химия 8 Класс Аралашмаларды тундуруу Калкытып бөлүү Чыпкалоо Буулантып айдоо (дистилляция) жолдору караганбыз. Кыскача токтоло кетейин 4.Аралашмалардан магнитке тартылуучу заттарды бөлүү. Мисалы, темир жана күкүр порошокторунан турган аралашмага магнитти жакындантканда, темир магнитке тартылат, күкүрт ордунда калат (5-сүрөт). 5-сүрөт. Магниттин жардамында заттарды бөлүү. 5. Кристаллдаштыруу. Кайнатма туздун (кант, башка туздар) суудагы эритмесин буулантканда коюланган аралашма пайда болот. Алынган аралашманы бир топ убакыт тынч абалда кармаганда туз майда кристалл (туздун катуу абалы) түрүндө чөгөт. Күндөлүк турмушта канттын чай менен болгон аралашмасынан, идиштин түбүндө канттын катуу кесекче түрүндөгү кристаллдарын көргөнсүңөр. Ар кандай эле сууда эриген туздардын эритмелерин идишке куюп, аны ысытуу жолу менен коюланган эритме алынганга чейин бууландырганда (6-а, сүрөт) же ал эритмени бир нече саат муздак жерде турса, идиштин түбүнө туздун кристаллдары чөгөт (6-б, сүрөт). Заттарды тазалоонун бул жолу кристаллдаштыруу деп аталат. Ушундай жол менен кум шекерди сууга салып, эритмесин казанда кайнатып бир нече саат муздак жерде турса нават (канттын кристаллы) алынат. а б 6-сүрөт. Идиштеги туздун суудагы эритмесин бууландыруу жолу менен бөлүү 6. Кургак буулантып айдоо (возгонка). Кээ бир кристаллдык заттарды ысытканда суюк абалга эмес, түздөн-түз бууга (газга) айланат. Бул учурда буунун жолуна муздак нерсени тосуу менен, заттарды...

0/0


0/0

0/0

0/0