“Арстанбектен алп саптар”-Өмүрзак Кайыпов

Аватар автора
Urban Explorations
Арстанбектен алп саптар Сай-сайдын башы кыр болот, Санаамды айтсам ыр болот. Аа дүйнө кетер окшодум, Менин санатым айтар ким болот? Арманы болор мергендин, Алганы болор бергендин. Күнөөсү болор күлгөндүн, Күйүтү болор өлгөндүн. Тоо-тоонун башы кыр болот, Толгонуп айтсам ыр болот, Оо дүйнө кетер окшодум, Менин толтурчу ордум ким болот? Өзөндүн көркү тал болот, Өрүштүн көркү мал болот, Аялдын көркү эр болот, Аргымак көркү жал болот, Үйдүн көркү кыз болот, Аштын көркү туз болот, Тирүүнүн көркү сый болот, Өлүүнүн көркү ый болот, Айланайын эл-журтум, менин Арманым айтар ким болот? Тилим бир шыңгыр жылаажын Ажал жетип күн бүтсө, Өлүмгө жок ылаажым Ырымды ырдап төгөйүн, Сырымды айтып берейин. Салып тургун кулагың. Башың барда мал дөөлөт, Бар болгонуң зор дөөлөт. Тилиң барда тил дөөлөт, Тиричилик өзү зор дөөлөт. Баш барда келет тууганың, Баш жаздыктан тайган соң Баары калат жыйганың, Көз барда келет тууганың, Көз жумулуп кеткен соң, Көрүнбөй калат жыйганың. Кеткенден кийин келмек жок, Бир жаныңа эрмек жок. Баргандан кийин кайтмак жок, Калганга дуа айтмак жок. Жакының менен жоолашпа, Өнбөс бир доону доолашпа. Сөзү октой жамандан, Жакын бир жүрбөй оолакта. Карынын сөзүн капка сал, Калк оозунда нуска бар. Сөз кезеги келгенде, Акыры башка бир өлүм, Калыс сөзүң айта сал. Аз күнчүлүк өмүрдө Аркы-терки теминип, Аргымак атың жоорутпа, Алабарман соз сүйлөп, Азамат көөнүн оорутпа. Жетимге камчы көтөрбө, Жесирдин отун өчүрбө. Жалгызга камчы көтөрбө...

0/0


0/0

0/0

0/0