"Атадан калган туяк" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча #окуялар #аудиоките

Аватар автора
Lyrical Legato
"Атадан калган туяк" КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ✉️💫 Жан дүйнөнүн өзгөрүүсү.💫 Бул жалганга, жаратканым жөн жаратпайт экен. Кимдир бирөө сага керек , сен кимдир бирөөнө керексиң. Сенин өзгөрүшүңө, кимдир бирөө себеп дагы бирөөнүн өзгөрүшүнө сен себепчи болосуң. Инсандын сүйлөгөн сөзүнө, өзүң алып жүрүүсүнө карап, ички дүйнөсүн баамдап, сезимдери менен сезип койгон инсандар бар экен. Мындай адамдар кимдер десеңиздер, өзүн-өзү таанып билген, өзүнүн үстүнөн иштеген, илимдүү, билимдүү жана эң эле маанилүүсү, көп китептерди окуп бүтүргөн инсандар экен. Бул инсандар сүйлөгөндө билесизби сөздөрүнө, бал, каймак аралашып турат экен. Уккан сайын уккун келет. Улуу инсандарга окшоштуруп баштайт экенсиң. Ошондой инсандардын бири, капыстан менин жашоомдун эшигин тыкылдатып, кирип келди да, жан дүйнөмдө болуп жаткан, уйгу туйгуларды үч саат сүйлөшүп түздөп бир нукка салып койду. Жарым жылдан бери ойлонуп мени жеп аткан ойлорду, угуп убакытты өткөрбөстөн, ойлонбостон жооп берди.менин жашоого болгон көз карашымды өзгөртүп. Жаратканыма жана өзүмө болгон ишеничти арттырды...💫 КЫРГЫЗЧА окуяларды сайтка кирип окусаныздар да болот! #аудиокитеп

0/0


0/0

0/0

0/0