Жаны обондуу ыр || Жакшылыктар эсимде || Түмөнбай Колдошов

Аватар автора
Uke-tastic Tunes
Жакшылыктар эсимде Сөзү Атахан Кожогуловдуку Обону Түмөнбай Колдошовдуку Үзүмүндөй бийиктеги булуттун , Аппак болуп маңдайымда турупсуң. Мага кылган жакшылыкты унутпай, Мага болгон жамандыкты унуттум. Жалгыз калып, бастым жалгыз жолдордо, Жаным сыздап ыза жашы толгондо. Карегиңди жүрөгүмө бекитип, Качып кетким келип жүрөт тоолорго. Аттигиниң, асылдыкты кеч билдим, Адамдагы пенделиктен эскирдим. Жакшы күндүн бийлигине ыр берип, Жаратканым колдоп мени жеткиргин. Бир күн өмүр куйрук-жалын таранат, Бүлбүл этип сары жылдыздай саналат . Адамдагы жамандыктай карарып, Адамдагы жакшылыктай агарат. Мага кылган жакшылыгың эсимде, Мага сунган жамандыкты унуттум! #музыка

0/0


0/0

0/0

0/0