Зардалы айылына курулган жаны ФАП.

Аватар автора
Cryptic Coastlines
2016-жылдын 19-сентябрь күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылындагы ФАПтын курулушунун салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу ачуу аземине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Кыдырова, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агентигинин Баткен облаты боюнча өкүлү А.Абдырайимов, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун Түштүк региону боюнча Координатору Р.Абазбеков, Кара-Бак айыл аймагынын башчысынын орун басары З.Темиров, Баткен областынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилиги, медицина кызматкерлери о.э. жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Зардылы айылындагы ФАПтын курулушуна 1 961 336 сом, ал эми айыл өкмөтү тарабынан эмеректер менен камсыздоодо 68 000 сом каржылынды. Андан сырткары ФАП Баткен областынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан медициналык аппараттар менен камсыздалды. Бул бардык жумуштар чек ара жамааттарында тынчтыкты курууга жана социалдык инфраструктураны жогорулатууга багытталган. Бул курулуш объектиси “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги филиалынын “Баткен областынын чек ара аймактарында тынчтыкты куруу жана чыр-чатактарды ортомчулук аркылуу чечүү” долбоорунун алкагында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен курулду.

0/0


0/0

0/0

0/0