ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

Аватар автора
Разнообразие растений и их миры
#кыргызчаырлар Сөзү Биримкул Алыбаевдики, Обону Сыймык Бейшекеевдики Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Керемет келишимдүү, кээде шаңдуу, Кер аяк кээде тагдыр опурталдуу. Сыртынан сыр бербеген ушул аял, Ичинен муң черткени аянычтуу. Андайда эмне күнөө, эмне жазык, Тааныштык кокусунан жай сурашып. Эжеке, атыңыз ким мүмкүн болсо, Калаарбыз да бир жерден учурашып. Болуптур жигит шагың сындырбайын, Анчалык сурап калдың атым Айым. Түшүнгүң келип турса дагы терең, Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым. Ким менен шайтан басып тааныштым деп, Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп, Канчалык сыр бербейин деген менен, Ал аял билип койду ушундай кеп. Кете албай же жанынан же сөз чыкпай, Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай. Тумчугуп туталанып турганымда, Баштады аял кебин мына мындай: Жигит сен менден анча чочубагын, Түшүнгүн түйүнүнө окуянын. Сен мени жеңил ойлуу аял десең, Ага да азырынча кошуламын. Бар эле бир кошунам, зөөкүр жигит, Үйүмө чала кызуу келди кирип. Ал менин абийиримди төкмөк болду, "Кана Айым, катын бол" деп, эшикти илип. Бул акмак адамбы же айбанбы деп, Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп. Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп, Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт. Тер кетип, денем жалын, көзүм туман, Тургунуң, тургун зөөкүр деп кыйкырам. Же мага жардам берчү жан адам жок, Мен аны колдон келсе жеген турам. Кутулуп кучагынан эптеп жатып, Кет үйдөн, кеткин дедим башым катып. Ал акмак...

0/0


0/0

0/0

0/0