Ай секет Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #айсекет #элмирбекиманалиев #сыймыкэлмирбек

Аватар автора
Числа и чистота
Ай секет Сөзү, обону Элмирбек Иманалиевдики Арманым бойго сыйбады секет, Ашыктык дарты кыйнады секет. Күйүтүм бойго сыйбады секет, Кургулук күчү кыйнады секет. Өзүңдү сүйдүм бир гана секет, Өзөгүм күйөт тим гана секет. Тактайын ырдап сүйүүмдү эми, Табалбайм башка бир дабаа секет. Жылдызы болбо жанымдын секет, Жыл өтпөй туруп сагындым секет. Айы сен болбо жанымдын секет, Ай өтпөй туруп сагындым секет. Өзгөчө кыздар элде көп бирок, Өзүңө гана багындым секет. Мерседес сымал зыркырап секет, Мезгилдер алга умтулат секет. Сай-сайдан ылдый суу агат секет, Саргайып жүрөк уланат секет. Самаган акын өзүңдү анан, Сагынбай кантип тура алат секет. Коктудан ылдый суу агат секет, Козголуп жүрөк ууланат секет. Каалаган акын өзүң деп анан, Какшанбай кантип тура алат секет. Арманым бойго сыйбады секет, Ашыктык дарты кыйнады секет. Күйүтүм бойго сыйбады секет, Курбулук күчү кыйнады секет. Өзүңдү сүйдүм бир гана секет, Өзөгүм күйөт тим гана секет. Тактайын ырдап сүйүүмдү эми, Табалбайм башка бир дабаа секет. Жылдызы болбо жанымдын секет, Жыл өтпөй туруп сагындым секет. Айы сен болбо жанымдын секет, Ай өтпөй туруп сагындым секет. Өзгөчө кыздар элде көп бирок, Өзүңө гана багындым секет. Мерседес сымал зыркырап секет, Мезгилдер алга умтулат секет. Сайдан кар ээрип агылар секет, Саргайып жүрөк уланат секет. Самаган акын өзүңдү анан, Сагынбай кантип тура алат секет. Коктудан ылдый суу агат секет, Козголуп жүрөк ууланат секет. Каалаган акын өзүң деп анан, Какшанбай кантип тура алат секет.

0/0


0/0

0/0

0/0