Сура Джума. Жума сүрөсү 9-11. Аллах ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы», - деп айт.

Аватар автора
Investment Opportunities
Сура Джума 9. Эй, ыймандуулар! Жума күнү жума намазга азан айтылса, Аллахты эскерүүгө(1) шашылгыла. Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула!(2) Эгер билген болсоңор - бул силер үчүн эң жакшы! 10. Качан намаз айактаса жер бетине(3) таралгыла жана Аллахтын ырайымын издегиле. Анан да Аллахты көбүрөөк эстегиле; мүмкүн ийгиликке жетесиңер. 11. Ал эми алар соода-сатыкты, же (көңүл ачуучу) ойун-зоокту көрөр замат сенин үгүт-насаатыңды таштап, баары ал тарапка жөнөшөт. (Аларга): «Аллахтын алдындагылар(4) ойун-зоок жана соодадан көрө жакшы, Аллах ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы», - деп айт. ________________________________ 1 Намазга 2 Ошол жума күнү түш оой намазга азан айтылар менен соода-сатык арам болот, намаз бүткөнгө чейин 3 Өз ишиңер менен ар тараптан 4 Анын бере турган эки дүйнөдөгү ырыскы, ийгилик, сыйлыктары

0/0


0/0

0/0

0/0