Эрлан Андашев - Кечир мени (текст)

Аватар автора
Программирование Радости
Текст: Эрлан Андашев - Кечир мени Саанага салып мени түшүмө кирдиң Садагам күнүм болуп күлмүңдөп тийгин Кайдасың айтчы деги ашыгым азыр Кадырың кечир эми кечигип билдим Эстесем эзилемин от болуп күйөм Эх жаным кечирилгис билемин күнөөм Мейли күн арадан ай жылдар өтсө да Мен сени махабатым баары бир сүйөм "Эркем ай" дечү элем сени Эркелеп эми кайрылып келчи кечирип мени Сүйүүмө күбө менин асманда булут Сезимим сага булактай тунук Сагындым куса болуп асылым сени Суранам кечир мени баарын сен унут Кызыксыз күндөр өтүп өзүңсүз барат Кымбатым күн өткөрөм жолуңду карап Жыргалым кайрылып кел өтүнөм сенден Жүрөгүм жүрөгүңдү күтүүдө самап "Эркем ай" дечү элем сени Эркелеп эми кайрылып келчи кечирип мени Сүйүүбүздү сактап калчы Кечир деги, кечир мени Кечиримди сурайм дагы Кечир мени, кечир эми Сени эле күтүп келем Сени эле сүйүп келем Кечир мени жаным, кечир мени, иии "Эркем ай" дечү элем сени Эркелеп эми кайрылып келчи кечирип мени Суранам кечир мени баарын сен унут #7heartbeat

0/0


0/0

0/0

0/0