Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийлери /Муфтии Кыргызстана [1991-2021]

Аватар автора
Laughter and Love
Бул видеодо Кыргызстан Азрети Муфтийлердин тизмеси корсотулгон ----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Мамлекетибиздеги мусулмандардын 1-Курултайы 1991-жылы өтүп, Кимсанбай ажы Абдурахманов Азирети Муфтийлик кызматына шайланган. Андан кийинки Курултай 1996-жылы 26-декабрда өткөрүлгөн. Курултайда Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи болуп Молдо Абдусаттар Мажитов шайланган. Молдо Абдусаттар аксакал өтө билимдүү аалым, кичи пейил, көп шакирттерди тарбиялаган жөнөкөй киши болгон. 2000-жылдын 8-апрелиндеги Уламалар Кеңешинин жыйынында өз арызынын негизинде сый-урмат менен ардактуу эс алууга чыгарылган. 2000-жылы кайрадан Уламалар Кеңешинин жыйынында Кимсанбай ажы Абдурахманов Азрети Муфтий болуп шайланып, кызматта 2 жыл 4 ай иштеген. 2002-жылдын 10-август күнү Уламалар Кеңешинин жыйынында Мураталы ажы Жуманов Азрети муфтий кызматына шайланып, 2003-жылдын 20-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын II-Курултайында Азирети муфтий кызматына бекитилген. Мураталы Жуманов 7 жыл Азирети муфтийлик кызматын аркалап, кайрадан Уламалар Кеңешинин чечими менен муфтийликке шайланып, 2009-жылдын 25-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын III-курултайында Азирети муфтийлик кызматына бекитилип, 2010-жылга чейин эмгектенген. 2010-2012 жылдары Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп эмгектенген. 2012-жылы Уламалар кеңешинин чечими менен Азирети муфтийлик кызматына Рахматулла ажы...

0/0


0/0

0/0

0/0