Кыргызстаным алгала - Саламат Садыкова, Кубаныч Сатаев

Аватар автора
Идолы поколения: Герои эпохи
Кыргызстаным алгала! сөзү: Кундуз Авашова обону: Кубаныч Сатаев Мекен деген ыйык рухтан куралган, Баатырларым намыска бек туралган. Бабам Манас баштаган, санжырасын таштаган, Ала-Тоодо кыргыз элим нурданган, кыргыз элим нурданган! Асманыңда эркин учат шумкарың, Алга сызат ыйык-асыл тулпарың. Жашоом сенде туулган жер, өмүр сенде туулган жер! Кылымдарга кыргыз көчүн улайлы, кыргыз көчүн улайлы! Эгемендүү куттуу болсун жылдарың, Тарыхы зор элим учун ырдаймын. Сыймыктанып уулдарың, толкунданып кыздарың, Желбиресин көктө бийик тууларың, көктө бийик тууларың! Кайырма: Кыргызстандай жер барбы? Кыргыздардай эл барбы? Ынтымакта шаңдана, Кыргызстаным алгала, алгала!

0/0


0/0

0/0

0/0