Чубак ажы дүйнө салды 😢😢 устаз Эрмек Тынай ажы уулунун эскерүүсү

Аватар автора
Мелодический огонь
Урматтуу UMMOT.KG каналынын катталуучулары. Бугун суук кабар болду. Каналга катталыныздыр, озунуздун пикиринизди калтырыныз? Биздин инстаграмдагы баракчабызда дагы чыгып турат, ылдый жакта ссылкасын бар. Бүгүн элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды, диндин туусун көтөргөн мураскордон, пайгамбардын мураскорунан айрылды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллах Таала дин илимин жөн эле көтөрүп кетпейт, аалымдардын өмүрүн алуу менен көтөрөт” – деген. Бүгүн Орто Азия эле эмес, бүт Ислам дүйнөсүнө белгилүү аалымыбыздан айрылдык. Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. Аллахтын тагдырына ыраазы болобуз, Аллахты ыраазы кыла турган сөздү гана сүйлөйбүз. Мындан башка аргабыз да жок. Устазды эскерип, анын эл үчүн, дин үчүн жасаган ат көтөргүс эмгегин жазсаң жыйнак-жыйнак китеп болору чын. Устаздын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын санаалаш досторуна, илимин алган шакирттерине, кыргыз элине жана жалпы мусулман үммөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Устазыбыздын жайдары жүзү, уккан жанды бир жылмаюуга аргасыз кылган куйкум сөздөрү, жүрөк түпкүрүнө барып жайгашкан орундуу сабактары ар дайым элесибизде сакталат.Устазыбыздын жайдары жүзү, уккан жанды бир жылмаюуга аргасыз кылган куйкум сөздөрү, жүрөк түпкүрүнө барып жайгашкан орундуу сабактары ар дайым элесибизде сакталат. Кайрат кыл, кыргыз элим, жамандыктын арты ушул болсун...

0/0


0/0

0/0

0/0