Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

Аватар автора
Светлячок
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталыш иштеринин салтанаттуу аземинен кийин жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды кабатырланткан суроолорго жооп берди. Садыр Жапаров курулушу башталып жаткан «Камбар-Ата-1» ГЭСи келечекте кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор экенине басым жасады.

0/0


0/0

0/0

0/0